Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү жабык. Жол тазаланууда

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-июнь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун 250-255-чакырымында (Арал-Казарман тилкеси) сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.
"Сел агымынын көлөмү болжол менен 5000 метр кубду түзөт. Азыркы тапта жол убактылуу жабык. Таш кулоо, көчкү түшүү коркунучу болгондуктан тазалоо иштери бүгүн эртең менен улантылды", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кошумча маалымат берилерин кошумчалады.
Бишкек — Ош унаа жолу таштан тазаланды. Жол эки тараптуу ачык