Дагестан аза күтүүдө. Терактыдан полициянын 15 кызматкери набыт болду

Каргаша боюнча "Теракт" беренеси менен иш козголуп, республика аймагына контртеррордук операция режими киргизилген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дагестандагы терактыдан полициянын 15 кызматкери, мындан тышкары, жай тургундар да каза тапты. Бул тууралуу региондун башчысы Сергей Меликов кабарлады.
Эскерте кетсек, 23-июнь күнү кечинде согушкерлер Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөө менен синагоганы аткылап, диний жай өрттөнүп кеткен. Кийинчерээк чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу, синагоганын күзөтчүсү, ошондой эле полициянын бир кызматкери көз жумганы айтылган. Ошол эле маалда Махачкалада полициянын постуна, андан кийин Сергокала айылында полицияга кол калуу болгон.
Каргаша боюнча "Теракт" беренеси менен иш козголуп, республика аймагына контртеррордук операция режими киргизилген болчу.
Меликовдун айтымында, учурда республикадагы абал бийлик менен укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Алты согушкер жок кылынып, ыкчам-аскердик иш-чаралар токтотулду. Анткен менен издөө жана тергөө иштери уланып жатат.
РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянып кылмышка тиешелүү делген Сергокала районунун башчысы Магомед Омаров кармалганын жазды.
24-25-26-июнь күндөрү Дагестанда аза күтүлмөй болду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Севастополь: шаарга чабуул америкалык ATACMS ракеталары менен жасалды