Мектептерде мобилдик телефон колдонууга тыюу салууну ЖК комитети жактырды

Демилгечилердин айтымында, бул кадам окуучуларды телефондун терс таасиринен сактоо максатында жасалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин тармактык комитети мектептерде смартфон колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды. Аны депутаттар тобу иштеп чыккан.
Демилгечилердин айтымында, бул кадам окуучуларды телефондун терс таасиринен сактоо максатында жасалууда.
Мыйзам кабыл алынса, мектеп администрациясы смартфон колдонуунун ички тартибин иштеп чыгыш керек. Тагыраагы, окуучу кайсы учурда жана кайсы жерде көтөрүп жүрө алышы так көрсөтүлүүсү зарыл.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Билим берүү министрлигине чөнтөк телефондорду мектепте колдонууга тыюу салган эл аралык таржрыйбага көңүл бурууну тапшырган эле.
Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат