Шайлоо мектеби: БШК төрайымы шайлоодогу жаңы технологиялар тууралуу айтты

Быйыл шайлоо мектебине Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан катышуучулар келген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Аралыктан добуш берүүнү жергиликтүү шайлоолордо колдонолу деп жатабыз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык шайлоо мектебинин катышуучулары менен жолугушууда билдирди.
1 / 3

Аралыктан добуш берүүнү жергиликтүү шайлоолордо колдонолу деп жатабыз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Ысык-Көлдө өтүп жаткан эл аралык шайлоо мектебинин катышуучулары менен жолугушууда билдирди

2 / 3

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынан билдиришкендей, анда төрайым өлкөнүн шайлоо системасын реформалоонун негизги этаптары тууралуу баяндап берген

3 / 3

Тактап айтканда, биометриканы колдонуу менен шайлоочуларды каттоону өркүндөтүү жана автоматташтыруу аркылуу добуштарды эсептөөнү жакшыртуу белгиленген

КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынан билдиришкендей, анда төрайым өлкөнүн шайлоо системасын реформалоонун негизги этаптары тууралуу баяндап берген. Тактап айтканда, биометриканы колдонуу менен шайлоочуларды каттоону өркүндөтүү жана автоматташтыруу аркылуу добуштарды эсептөөнү жакшыртуу белгиленген. Ошону менен бирге шайлоо тизмелерин түзүүдө ачык-айкындуулук жана тактык камсыз кылынып, шайлоочулардын добуштары так эсепке алынып, атаандаштык менен шайлоо өткөрүүгө бирдей шарттар түзүлүп жатканы белгиленди.
Ал ошондой эле шайлоого катышпагандарга айып салуу, киберкоопсуздук жана санариптик купуялуулук, улуттук байкоочуларды окутуу жана чет өлкөдөн добуш берүү сыяктуу демилгелер боюнча кеп козгогон.
"Россиянын аралыктан добуш берүү тажрыйбасын изилдедик. Бул технологияны жергиликтүү шайлоолордо колдонолу деп жатабыз", — деди Шайлдабекова.
Шайлоо мектеби — бул КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын, КУУнун жана КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын өнөктөш университеттеринин биргелешкен долбоору. Быйыл окутууларга Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келгендер катышты. Программада лекциялар, мастер-класстар жана БШК адистеринин колдоосу менен шайлоо өнөктүгү камтылган.
Жогорку Кеңеш шаардык кеңештин депутаттарынын мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат