Садыр Жапаров Дагестандагы терактыдан улам Владимир Путинге көңүл айтты

Мамлекет башчы Кыргызстан терроризмдин бардык түрүнө каршы туруп, Россия өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге Дагестандагы терактыга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызмтанынан билдиришти.
Анда мамлекет башчы Кыргызстан терроризмдин бардык түрүнө каршы экенин жана Россия өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганын белгилеген.
"Дагестанда болуп өткөн терактыга байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Эскерте кетсек, 23-июнь күнү кечинде согушкерлер Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөө менен синагоганы аткылап, диний жай өрттөнүп кеткен. Ошол эле маалда Махачкалада полициянын постуна, андан кийин Сергокала айылында полицияга кол салуу болгон. Натыйжада полициянын 15 кызматкери, мындан тышкары, жай тургундар да каза тапкан. 24-25-26-июнь Дагестанда аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
ФСБ: Украина чалгын кызматынын "Крокустагы" терактыга тиешеси бар экени аныкталды