Садыр Жапаров Бельгияга иш сапар менен учуп кетти. Делегациянын курамы

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен учуп кеткенин мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Визиттин алкагында мамлекет башчысы Бельгиянын падышасы Филипп жана Еврокеңештин президенти Шарль Мишель менен жолугушат.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат", — деп жазылат маалыматта.
Делегациянын курамы:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттик администрациянын мамлекет башчынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азамат Кадыралиев;
президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Бельгия, Нидерландиядагы жана Люксембургдагы элчилик ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлү болгон Айдит Эркин;
транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
финансы министринин орун басары Руслан Татиков.
Садыр Жапаров Дагестандагы терактыдан улам Владимир Путинге көңүл айтты