Россия менен Беларусь ТИМ башчыларынын биргелешкен билдирүүсү. Урунттуу учурлар

Лавров бүгүн Минск шаарына расмий сапары менен барган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Минск шаарында беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар биргелешкен билдирүү жасаганын РИА Новости жазды.
Урунттуу учурлар:
Батыштын Европадагы эскалацияга жумшалган аракети айыпталды. Киевге берилип жаткан курал РФтеги жай тургундарга карата колдонулуп жаткандыгы белгиленди;
эки өлкө тең КМШдагы коопсуздук жаатындагы коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу боюнча биргелешип иш алып барууда;
Москва менен Минск ЖККУнун башка уюмдар менен алакасын кеңейтүүнү, анын байкоочу жана өнөктөш макамын алдыга жылдырууну жакташты;
мамлекеттерге "Батыштын эрежелери боюнча тартип киргизүү керек" деген түшүнүктүү таңуулоого каршы туруу.
ошондой эле Сергей Лавров сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маанилүү билдирүү жасады:
Батыш атайын аскердик операция башталгандан бери Россияга бардык жаатта, анын ичинде жаңжалды чечүүдө дагы шарт коюп келет;
Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча киргизген тынчтык сунушу акыл калчап ойлонулган анализдин жыйынтыгы болууда;
Москва эч бир "жең ичиндеги" сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт.
Беларусь ТИМинин башчысы Сергей Алейник да төмөнкүлөрдү билдирди:
Минск менен Москва украиналык жаңжалды токтотуу үчүн ишке ашчу демилгелерди сунуштап жатат;
Беларусь менен Россия стратегиялык өнөктөштүк механизмин бир жолго түшүрүп алды. Алар Батыштын кысымына болгон күрөштө бири-бирин колдоп турат;
эки өлкө тең Батыштын санкцияларына ассиметриялуу жооп кайтарат.
Лавров 24-25-июнга карата Минск шаарына расмий сапары менен барган. Министрдин Беларусь президенти Александр Лукашенко, ошондой эле ТИМ башчысы Сергей Алейник менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: АКШнын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт