РКӨФ багбанчылык боюнча 24,2 млн. долларга 50 долбоор каржылады

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду иштеп баштагандан бери багбанчылык тармагында 24,2 миллион долларга 50 долбоор каржылады. Бул тууралуу фонддон кабарлашты.
Билдирмеге караганда, бул долбоорлордун арты менен 200дөн ашык жумуш орду түзүлгөн.
"Фонд каржылаган багбанчылык тармагындагы компаниялар өндүргөн продукциянын бир бөлүгү жергиликтүү базарларга чыкса, көбү экспорттолот",— деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылдын аягында түптөлгөн.
Чаткалдын айылында РКӨФ каржылаган тигүүчү фабрика ачылды