Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат

Визиттин жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бельгияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, иш сапар 24-26-июнга белгиленген.
"Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын королу Филипп менен кездешет. Ушул эле күнү президент Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат", — деди Азымбакиев.
Ошондой эле ал сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүп жатканын кошумчалады.
Жапаров Улуттук инвестициялык фонд тууралуу: дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонобуз