Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пентагон Севастополго ATACMS менен жасалган чабуул боюнча жооп таба албай турат

Соңку маалыматтар боюнча, терактынын кесепетинен төрт киши көз жумган, алардын экөө — балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Пентагондун америкалык ATACMS ракеталары менен Севастополдун аткыланганы боюнча кабары бар, бирок эч кандай комментарий бербейт. Бул туурасында АКШнын Коргоо министрлигинен айтышканын РИА Новости жазды.
"Биз бул билдирүүнү көрдүк, бирок эч нерсе дей албайбыз", — деп айтылат агенттиктин кат менен кайрылуусуна берген жообунда.
Эске салсак, Киевдин террордук чабуулу жекшемби күнү саат 12:15те (15:30) болгон. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү чачырап жарылчу беш ATACMS ракетасы менен Севастополго чабуул жасаганга аракет кылган. Россиялык тиешелүү күчтөр алардын төртөөнү атып түшүрүп, бирок бирөө абадан коргонуучу системанын ишинен улам кыйгап барып, шаардын үстүнөн жарылган.
Соңку маалыматтар боюнча, терактынын кесепетинен төрт киши көз жумган, алардын экөө балдар экени айтылды. Ал эми 151 адам жаракат алып, 82си ооруканага жаткырылган. Крым Республикасы менен Севастополдо бүгүн аза күтүү күнү. Министрликтен Киевдин бул чабуулуна Кошмо Штаттар Украина бийлиги менен катар эле жоопкер экенин айтышты. Алар ATACMS ракеталары боюнча ыкчам-тактикалык тапшырманы америкалык адистер өздөрүнүн спутниктен жасалган чалгыны боюнча жасашарын белгилешкен.
Flightradar порталынын маалыматына караганда, чабуул учурунда Кара деңиздин үстүндө чалгындоочу америкалык RQ-4B Global Hawk пилотсуз учагы айланып жүргөн.
ATACMS — Lockheed Martin компаниясы жасаган өтө алыска жете турган ыкчам-тактикалык баллистикалык ракета. Куралды реактивдүү түзүлүштөгү залптык, анын ичинен M142 HIMARS системасынан кое берүүгө болот. 2023-жылдын октябрында Россия президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын бул ракеталарды Украинага берүү чечими кезектеги жаңылыштык болгонун белгилеген. Анын айтымында, мындай курал кошумча кооптуулукту жараткандан башка пайда алып келбейт.
Украина армиясы пилотсуз учактар менен Россиянын чек арасынын боюндагы жана борбордук аймактарына күн сайын чабуул жасоого аракет кылып келет. Севастополь менен Крым террордук кооптуулуктун "сары" деңгээлинде турары айтылган.
Эске салсак, жогорку ("сары") деңгээл террордук актылар жасалгандыгы жөнүндө реалдуу маалымат бышыкталган болсо коюлат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден Россиянын аймагына сокку уруу Батышты согушка тартарын айтты