Сел каптап Ош — Баткен — Раззаков унаа жолу жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 278-чакырымы жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жол аталган аймакта жүргөн селден улам жабылган. Министрлик буга чейин сел токтогон соң жол тазаланарын билдирген.
Соңку маалыматта мекеме жолду тазалоо иштерине техникалар тартылып жатканын кабарлады.
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү жабык. Жол тазаланууда