Бишкек — Ош унаа жолу таштан тазаланды. Жол эки тараптуу ачык

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу толук тазаланып, эки тарабы тең ачылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Белгилей кетсек, кечээ аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан сел жүрүп, алты жерден таш кулап, жолду жаап калган.
Министрлик жеринде түнү менен Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жалпы беш техника тартылып жол тазаланганын, 24-июнь саат 8:00гө карата жол толугу менен ачылганын маалымдады.
Апта башында айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт