Бишкек мэриясы дзюдочу Эрлан Шеровго батир белек кылат

Эрлан Шеров Азия оюндарынан алтын, дүйнө чемпионатында коло медаль багындырган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеровго батир белек кылууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтына жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, токтом долбоору Шеровдун спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алуу менен иштелип чыккан.
"Спортчу өлкөнү дүйнөлүк аренада даңазалап, өсүп келе жаткан муунга сыймык жана үлгү болуп саналат", — деп жазылган токтомдун негиздемесинде.
Муниципалдык турак жай Туңгуч кичи району-23 дарегинде жайгашканы белгиленген.
Эрлан Шеров Азия оюндарынан алтын, дүйнө чемпионатында коло медаль багындырган. Ошондой эле быйыл Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо камсыздаган.
Кубанычын да, ызасын да тең бөлүштүк. КР спортчуларынын 2023-жылдагы ийгилиги