Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: АКШнын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. АКШ менен Украинанын Севастополдогу терактыга тиешеси бар экени күмөн жаратпайт. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров беларустук кесиптеши Сергей Алейник менен сүйлөшүүсүндө айтканын РИА Новости жазды.

"Кечээ Севастополдо болгон терактыга байланыштуу көңүл айтканыңыз үчүн ыраазылык билдирем. Буга удаа Дагестанда дагы бир террордук чабуул болду. Жабыркагандар бар. Тиешелүү органдар муну ким жасаганын аныкташ үчүн колдон келген күчүн жумшап жатат. АКШ жана алардын украиналык кол алдындагылардын катыштыгы бар экенинен күмөн санабайбыз", — деди Лавров.

Министр АКШнын Украинага берип жаткан куралы "америкалык аскерлер түзмө-түз катышмайын колдонулбастыгын" белгиледи.
Лавров Минск шаарына расмий сапар менен барган. Министрдин Беларусь президенти Александр Лукашенко, ошондой эле ТИМ башчысы Сергей Алейник менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Эске салсак, Киевдин террордук чабуулу жекшемби күнү саат 12:15те (15:30 БШК) болгон. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Украинанын Куралдуу күчтөрү чачырап жарылчу беш ATACMS ракетасы менен Севастополго чабуул жасаганга аракет кылган. Россиялык тиешелүү күчтөр алардын төртөөнү атып түшүрүп, бирок бирөө абадан коргонуучу системанын ишинен улам кыйгап барып, шаардын үстүнөн жарылган. Соңку маалыматтар боюнча, терактынын кесепетинен төрт киши көз жумган, алардын экөө балдар экени айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Севастополго ATACMS менен жасалган чабуул боюнча жооп таба албай турат