Кыргызстанга ташылган автоунаанын көлөмү кескин азайды

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Апрель айында Кыргызстанга жеңил унаалардын импорту кыйла кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Алсак, январь-апрель айларында республикага 57 миң 301 автоунаа алып келинген. Мурда ушул жылдын үч айында эле 50 миң 403 автокөлүк киргени айтылган эле.
Эсептей келгенде апрель айында өлкөгө дээрлик 6,9 миң автоунаа алып келинген. Бул ушул жылдын мурдагы айларына салыштырмалуу бир топко аз. Буга чейин январда эле дээрлик 13,7 миң көлүк ташылган.
Автоунаа импортунун кескин төмөндөгөнүнө карабай бул өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп. Анда 29 миң 815 эле автоунаа ташып келинген.
Электр менен жүргөн автоунаалардын баалары. Инфографика