Кыргызстанда 224 бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланат

Былтыркы жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлө да, анда тарбияланган балдардын саны да 20 пайызга көбөйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 224 бала 115 фостердик үй-бүлөдө тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, былтыркы жылга салыштырмалуу фостердик үй-бүлө да, анда тарбияланган балдардын саны да 20 пайызга көбөйгөн. Маселен, 2023-жылы 1-июнга карата 97 фостердик үй-бүлөдө 188 бала тарбияланган.
Фостердик үй-бүлөгө дагы 45 бала талапкер катары министрликтин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турганы кошумчаланды.
Мындай үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу карап беришет. Мамлекет аларга ар бир бала үчүн жашоо минимумунан бир жарым эсе көп каражат чегерет.
Эмгек министрлиги: 88 миң баланын ата-энеси миграцияда