Радио

Кыргызстанда айыл чарба каттоосуна даярдык кызуу жүрүп жатат

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов өлкө эгемендүүлүктү алган жылдардан кийин алгачкы айыл чарба каттоосу 2002-2003-жылдары өткөнүн айтты.
Sputnik
Кыргызстанда кийинки жылы экинчи айыл чарба каттоосу өтөт, ага даярдык кызуу жүрүп жатат. Айыл чарба каттоосунда айыл чарбанын түзүмү жөнүндө маалыматтар чогултулуп, мал жана үй канаттуулар саналып чыгарын Бакытбек Шокенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл күздө Ош облусунун Араван району менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл аймактарында сынамык иретинде каттоо өтөт.
"Министрлер кабинети 2025-жылы Кыргызстандын айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алып, анын негизинде Улуттук статистика комитети кызуу даярдык көрүп жатат. Өлкө эгемендүүлүктүү алган жылдардан кийин алгачкы айыл чарба каттоосу 2002-2003-жылдары өткөн. Негизги максаты — эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарбасынын негизги мүнөздөмөлөрү боюнча толук, объективдүү жана ишенимдүү маалымат алуу. Быйыл күздө Ош облусунун Араван району менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айыл аймактарында сынамык иретинде өтөт. Учурда ишти натыйжалуу аткаруу үчүн бардык процесстер жүрүүдө", — деди Шокенов.
Ошондой эле ал Эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү ийгиликтүү өтүп, маалыматтарды иштеп чыгып, китептер басылып, таркатуу иштери калганын кошумчалады.