БРИКС оюндарында кыргызстандыктар 51 медаль алып, жалпы эсепте 9-орунга чыкты

Казанда 12-июндан 23-июнга чейин өткөн оюндарга жалпысынан 90дон ашык өлкөнүн спортчулары катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. БРИКС оюндарында командалык тизмеде кыргызстандыктар 9-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалган.
Ага ылайык, өлкө капчыгында 51 медаль (2 алтын, 11 күмүш жана 38 коло) топтолду.
Оюндарга жалпысынан 90дон ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Алдыңкы бештикке Россия, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Бразилия кирген. Аталган иш-чара 12-июндан 23-июнга чейин Казань шаарында өттү.
Ири спорттук мелдеш. БРИКС оюндарынан жандуу сүрөттөр