Кыргызстан элинин ассамблеясынын жыйыны видеодо

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элинин ассамблеясынын X жыйыны өттү.
Sputnik
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана ассамблеянын түптөлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.
Президент Садыр Жапаровдун атынан мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов сүйлөдү. Ал өлкө башчынын Кыргызстанды элдин биримдиги гана өнүктүрөрү белгиленген кайрылуусун окуп берди. Президент буга катар эле 1994-жылы түзүлгөн Кыргызстан элинин ассамблеясы социалдык ынтымакты жана этностор аралык мамилени бекемдеп, жарандык биримдиктин түптөлүшүнө салым кошуп келерин айтты.
Жапаров Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин, маданиятын жана каада-салтын сактап өнүктүрүүгө бардык шарт түзүлгөнүнө токтолду.
"Ошол эле маалда орус тили расмий тил катары маанилүү орунду ээлейт", — деди өлкө башчы.
Жыйында ассамблеянын иши жана алдыдагы пландары талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө уюмдун бюджети быйыл 23 миллион сомго көбөйтүлгөнү белгилүү болду.