Кыргыз-кытай чегиндеги "Бедел" өткөрүү пунктуна канча акча керектиги айтылды

Каражат ЕАЭБдин талаптарына ылайык инфраструктура түзүүгө жана аны тейлөөгө бөлүнгөн штатты кармоого жумшалары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасында ачыла турган "Бедел" өткөрмө бекетине 77 миллион 857 миң сом керектелет. Бул тууралуу эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылат.
Маалыматка ылайык, документти министрлер кабинети демилгелеген. Каражат ЕАЭБдин талаптарына ылайык инфраструктура түзүүгө жана аны тейлөөгө бөлүнгөн штатты кармоого жумшалары белгиленди.
"Кыргыз-кытай чек арасында "Бедел" өктөрмө пунктун ачуу өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга, товар жүгүртүүнү жана соода-сатыкты өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
Ошондой эле бул өткөрүү бекетинин ачылышы Кашкар — Торугарт — Нарын — Бишкек транспорт коридоруна салыштырмалуу Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан жүк ташууну кыйла тездетери кошумчаланды.
Эске салсак, былтыр май айында президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жаңы дарбазасы жана кызматташтыктын көпүрөсү боло турган "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишкен.
Азыр Кыргызстан менен Кытайды Торугарт (Нарын облусу) жана Эркеч-Там (Ош облусу) магистралдары бириктирет.
Кыргызстан менен Кытай "Бедел" бекетин ачуу боюнча иштерди баштады