Радио

Үсөнбаев: конго-крым геморрагиялык ысытмасы бейтапты өлүмгө кептейт

Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев конго-крым геморрагиялык ысытмасы тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Конго-крым геморрагиялык ысытмасы кене аркылуу жугат. Аталган вирус акыркы 20 жылда 16 мамлекетте катталып, таркап жатат. Бул тууралуу Нурболот Үсөнбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы беш жыл ичинде бирин-экин конго-крым вирусун жуктуруп, дарылангандар бар.
Конго-крым геморрагиялык ысытмасы — кене чаккан учурда жуккан курч жугуштуу оору. Оору дене табынын көтөрүлүшү, катуу интоксикация жана тери менен ички органдарга кан куюлушу менен мүнөздөлөт.
"Келип жаткан, кайра келип калышы мүмкүн болгон оорулардын бири — бул конго-крым геморрагиялык ысытмасы болуп эсептелет. Илдет кене аркылуу жугат. Изилдөөлөргө караганда, Кыргызстанда кененин 42 түрү бар. Бул дарт азыр көптөгөн мамлекеттерде таркап жатат. Акыркы 20 жылда 16 мамлекетте катталды. Оорунун өзгөчөлүгү — ал өтө курч мүнөздө өтүп, адамды өлүмгө алып келе турган дарттардын бири. Ооругандардын 30дан 50 пайызга чейинкиси каза болуп калышы мүмкүн. Коркунучу ушунда. Бул вирус 1940-1950-жылдары Конго мамлекетинде жана Россиянын түштүк жагы Крымда аныкталып, козгогучтары изилдөөгө алынган. Жугуштуу оорулар классификациясына вирус "конго-крым геморрагиялык ысытмасы" деп катталып калган. Ошондон бери келе жатат. Акыркы мезгилде биз да ушул темага кайрылып жатабыз. Себеби Кыргызстан канаттуулардын миграциялык каттамында турат. Акыркы учурда Африкадан, Түштүк Азиядан да учуп келе башташты. Булар кандайдыр бир вирустарды ташышы мүмкүн. Оору коңшу мамлекеттерде да катталып жатат. Ошол себептен чек арага жакын аймактардагы кенелерди кармап, изилдөөдөн өткөрүп, ооруп калган адамдардын канын текшерип көзөмөлдү күчөтүп жатабыз. Кийинки кездерде бул маселеге эл аралык деңгээлде да көңүл бурулат", — деди Үсөнбаев.
Ал конго-крым геморрагиялык ысытмасы пандемиялык потенциалы күчтүү ооруларга кирерин кошумчалады.