Кансыз согушка чекит коюуга кадам таштап... 51 жыл мурдагы видео

Мындан 51 жыл мурда Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Леонид Брежнев Америкадагы сапары учурунда кансыз согушка чекит коюлгандыгын айткан.
Sputnik
Бул үчүн атайын келишим болгону менен советтик ошол кездеги лидердин ишенимдүү жасалган билдирүүсү эртерээк болуп калганын белгилеп келишет. Аны кийинки мезгилдер көрсөттү.
Брежнев 1973-жылдын 24-июнунда АКШга жасалган сапарында кесиптеши, Америка президенти Ричард Никсон менен бүгүн да актуалдуу болуп жаткан темаларды талкуулаган. Алар негизинен өзөктүк согушту болтурбоо, араб-израиль чатагын жөнгө салуу, ири державалар арасындагы соода-сатыктын принциптери эле.