Радио

Быйыл ИИМ ардагерлеринин пенсиясын көтөрүү каралууда

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов отставкадагы милиция кызматкерлеринин башкы маселеси жакын арада чечиле турганын айтты.
Sputnik
Ички иштер министрлигинин ардагерлеринин пенсиясы быйыл көтөрүлөт. Бул тууралуу Бакыт Сеитов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда пенсияны көтөрүү боюнча берилген сунуштар каралып жатат.
"Пенсияны көтөрүү — ардагерлердин бүгүнкү күндөгү негизги маселеси. Муну Ички иштер министрлигинин жетекчилиги да жакшы билет. Маселе чечилүү алдында турат, буюрса быйыл чечилет деген ойдобуз. Ардагерлердин пенсиясын көтөрүү маселеси былтыр дагы талкууланган, министрлик бир катар сунуштарын берген. Учурда мендеги маалыматтар боюнча, биздин сунуштарды оптимизациялап, пенсияны көтөрүүнүн жолдору каралып жатат. Бир нече варианттар бар экен, бирок аны айтышка азырынча эрте. Бул иш министрдин көзөмөлүндө. Ардагерлердин эч кимиси унутта калбайт. Аларга кам көрүү — ИИМдин милдети. Ардагерлер өз убагында өздөрүнүн жаштыгын, болгон мүмкүнчүлүгүн коомдук тартипти сактоого арнаган", — деди Сеитов.
Ошондой эле ал ардагерлердин ден соолугуна байланыштуу же дагы башка жеке маселелери жаралса да көмөк көрсөтүлөрүн айтып, бул багытта аймактардагы ардагерлердин кеңеши иш жүргүзөрүн кошумчалады.