Эскалаторго кыпчылып калган 3 жашар кыздын бутуна операция жасалды

Наристенин буту эскалаторго кыпчылып, куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Эскалаторго кыпчылып калган үч жашар кыздын бутуна операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, наристе №3 Балдардын тез жардам ооруканасына жаткырылган.
1 / 2

Эскалаторго кыпчылып калган үч жашар кыздын бутуна операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти

2 / 2

Белгилей кетсек, окуя кечээ соода борборлорунун биринде болгон. ӨКМдин маалыматына ылайык, үч жаштагы кыздын буту эскалаторго кыпчылып, куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен

Медиктер анын буту сынып, кан тамырлары, булчуңдары жана тарамыштары чайналып калганын аныкташкан.
"Кызга операция жасоого туура келди. Учурда анын абалы туруктуу. Ооруканада тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", — деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.
Белгилей кетсек, окуя кечээ соода борборлорунун биринде болгон. ӨКМдин маалыматына ылайык, үч жаштагы кыздын буту эскалаторго кыпчылып, куткаруучулар атайын шаймандардын жардамы менен чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Эже-сиңдинин уул-кыздары. Чүйдө 6 бала көлмөгө чөгүп кетти