Министрлик: Кыргызстан өткөрмө бекеттер боюнча ЕАЭБдеги милдеттерин аткарды

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБге кошулуунун алкагында өткөрмө пунктуларын жайгаштыруу жана жабдуу жагынан алган бардык милдеттенмелерди аткарды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Ведомство буга чейинки "Оптималдуу чечимдерди жана альтернативаларды илгерилетүү бирикмеси" ассоциациясынын "Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурда республиканын алдына коюлган шарттарды аягына чейин аткара элек" деген маалыматын четке какты.
Маалыматка ылайык, учурда бардык 14 өткөрүү пункту ЕАЭБдин бирдиктүү эрежелерине ылайык келет.
"Акыркылардан болуп "Кызыл-Бел" өткөрмө пункту модернизацияланды. Мартта атайын комиссия аталган өткөрмө жайды ЕАЭБ талаптарына дал келтирилгенин тастыктады", — деп айтылат маалыматта.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад", "Кара-Суу", "Кара-Багыш" бекеттери ачылат