Дагестандагы террордук чабуул 9 адамдын өмүрүн алды. Соңку маалымат

Кол салуудан улам "Теракт" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дагестандагы террордук чабуул тогуз адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу республиканын муфтиятына таянуу менен РИА Новости кабарлады.
Эскерте кетсек, Дагестандын Дербентинде согушкерлер чиркөө менен синагогага, Махачкала шаарында полиция постуна кол салышкан. Диний жай өрттөнүп кеткен.

"Акыркы маалымат боюнча, көз жумгандардын саны тогузга жетти. Анын ичинде чиркөө кызматкери менен кароолчусу жана синагоганын күзөтчүсү да бар. Чабуулдан 25ке чукул адам жаракат алды", — деп айтылат маалыматта.

Кечтен тарта чиркөөнүн жанындагы атышуу уланып келген, ушу тапта токтоп, айлана-тегерек текшерилип жатканы айтылды. ИИМдин маалыматы боюнча, беш согушкер жок кылынган.
Кол салуудан улам "Теракт" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Республиканын муфтийи кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка чакырган. Ал Россияда, Кавказда тынчтыкты сактап калууга болгон аракет жумшалышы зарыл экенин белгилеген болчу.
Дагестанда контртеррордук операция режими иштеп жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Севастополь: шаарга чабуул америкалык ATACMS ракеталары менен жасалды