Дагестандагы терактыда набыт болгондордун саны жыйырмага жетти

Жалпысынан 46 адам жабыркап, алардын жетөө оор абалда экенин айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Дагестандагы терактыда каза болгондордун саны 20га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Татьяна Беляева ведомствонун Telegram каналында билдирди.
Анын айтымында, 46 адам жабыркап, алардын жетөө оор абалда.
Беляева каза болгондор менен жабыркагандардын арасында жай тургундар да, укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар экенин маалымдады. Ооруканага түшкөндөргө керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Эскерте кетсек, 23-июнь күнү кечинде согушкерлер Дагестандын Дербент шаарындагы чиркөө менен синагоганы аткылап, диний жай өрттөнүп кеткен. Кийинчерээк чиркөөнүн кызматкери менен кароолчусу, синагоганын күзөтчүсү, ошондой эле полициянын бир кызматкери көз жумганы айтылган. Ошол эле маалда Махачкалада полициянын постуна, андан кийин Сергокала айылында полицияга кол калуу болгон.
Каргаша боюнча "Теракт" беренеси менен иш козголуп, республика аймагына контртеррордук операция режими киргизилген болчу.
Аймактын башчысы Сергей Меликовдун айтымында, учурда республикадагы абал бийлик менен укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө. Алты согушкер жок кылынып, ыкчам-аскердик иш-чаралар токтотулду. Анткен менен издөө жана тергөө иштери уланып жатат.
РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянып, кылмышка тиешеси бар делген Сергокала районунун башчысы Магомед Омаров кармалганын жазды.
Дагестан аза күтүүдө. Терактыдан полициянын 15 кызматкери набыт болду