Бишкекте күйүп жаткан көп кабаттуу үйдөн 10 адам куткарылды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекте күйүп жаткан үйдөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери 10 адамды куткарып, дагы 50 кишини эвакуациялады.
Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, өрт Фучик көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдөн чыккан.

“Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, жалын саат 14:05те толугу менен өчүрүлгөн”, деди ӨКМ.

Эскалаторго кыпчылып калган 3 жашар кыздын бутуна операция жасалды