Бишкекте Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жыйыны өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын 10-жыйыны өтүп жатат.
Иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулууда.
Жыйындын катышуучулары уюмдун ишмердүүлүгүн жана келечек пландарын талкуулап жатышат.
Маданият министрлиги иш-чаранын максаты Кыргызстанда этностор аралык мамилени чыңдоо жаатындагы саясатты натыйжалуу ишке ашырууга көмөктөшүү экенин белгиледи.
"Иш-чара республикадагы элдердин биримдигин, этностор аралык мамилелерди чыңдоо, маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Радио
Министрлик: "Кыргыз жараны" концепциясы үзгүлтүксүз аткарылышы керек