25-июнга карата аба ырайы

25-июнга караган түнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. 25-июнь, шейшембиде, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл өрөөнүндө +21...+26, Нарын жергесинде +19...+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +32...+34, Ош шаарында +33...+35, Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Ысык-Көлдө гидроциклдерге тыюу салуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду