Мамлекеттик капитализм өлкө экономикасын көтөрүүдө ишенимдүү рычагбы?

Sputnik
Кыргыз өкмөтү келечекте мамлекеттик капитализмге өтүү зарылдыгын айтат. Өнүгүү үчүн жасалган аракеттерде бул чечкиндүү жана ишенимдүү кадам экенин билдирген айрым эксперттер Кыргызстан бул багытта бир топ ийгиликтерди багындырарын божомолдошот. Мамлекеттик капитализмдин кандай механизмдери бар, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктөн айырмасы эмнеде, кандай кооптуулук жагдайлары ачылышы мүмкүн, булдардын барын “Экономикалык панорама” уктуруусунда талкуулайбыз.