Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
БРИКС оюндарында кыргызстандыктар 51 медаль алып 9-орунга чыктыТүндүк — Түштүк альтернативдик жолунун бир бөлүгү жабык. Жол тазалануудаЫсык-Көлдө моторлуу кайыктарга тыюу салган мыйзам долбоору сунушталуудаалдыда кененирээкКонституция баштаган мыйзамдарыбызда Кыргызстанда ар бир жаран этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ деп ташка тамга баскандай бадырайып жазылып турат. Бул туурасында президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан элинин ассамблеясынын X жыйынынын делегаттарына жолдогон кайрылуусунда айтылган. Аны иш-чарада мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди. Кайрылууда бүгүнкү күндө 100дөн ашуун ар кандай этностун өкүлдөрү Кыргызстандын жалпы элин түзүп, мамлекеттин жетишкендиктерине чогуу кубанып, өткөөл кездерде башка түшкөн кыйынчылыктарды чогуу жеңип, ыйык Ала-Тоодо ынтымакта, достукта, биримдикте кол кармаша жашап келе жатканын белгилеген.
Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов демилгелеп, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды. "Акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдер катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен адамдардын өмүрү кыйылууда. Гидроциклдер көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизип жатат", — деп жазылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде. Мыйзам долбооруна ылайык, гидроциклдерди колдонгону үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат. Бул аракет кайталанса жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 20 миң сом айыпка жыгуу сунушталууда.
Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунда селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Белгилей кетсек, кечээ, 23-июнь күнү, кечки саат 18:00дөр чамасында Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун 250-255-чакырымында сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. "Сел агымынын көлөмү болжол менен 5000 метр кубду түзөт. Азыркы тапта жол убактылуу жабык", — деп айтылат маалыматта. Министрлик кошумча маалымат берилерин кошумчалады.
БРИКС оюндарында командалык тизмеде кыргызстандыктар 9-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалган. Ага ылайык, өлкө капчыгында 51 медаль (2 алтын, 11 күмүш жана 38 коло) топтолду. Оюндарга жалпысынан 90дон ашык өлкөнүн спортчулары катышты. Алдыңкы бештикке Россия, Беларусь, Кытай, Өзбекстан, Бразилия кирген. Аталган иш-чара 12-июндан 23-июнга чейин Казань шаарында өттү.
Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов* Украина күчтөрү үчүн фронтто кыйын кырдаал түзүлгөндүгүн айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Абал бир топ эле кыйын экени боюнча жаман кабар бар. Ал кеминде бир айга чукул ушундай турат, андан кийин деле оңой болуп кетпейт", — деген башкы чалгынчы Philadelphia Inquirer басылмасына берген маегинде. Муну менен катар эле Россия менен тынчтык сүйлөшүүгө каршы экендигин билдирген. Ал май айында Харьков облусундагы кыйын кырдаалдан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жеке түзүмүнүн кору эң төмөнкү чекке жеткенин билдирген эле.