Эс алуучуларды Ысык-Көлгө ташыган өзгөчө вагондор — Туристтерди темир жол аркылуу жеткирүү иштери кандай жүрүүдө?

Sputnik
Жай саратанда эс алуучулар борбордон кереметтүү Ысык-Көлүбүздү көздөй агылышат. Туристтик мезгилде унаа жолдо кадимкидей тыгын пайда болот. Эс алуучулардын Ысык-Көлгө ыңгайлуу жетип алуусу үчүн жалгыз унаа жол аздык кылып, поезд менен каттамдар кызуу жүрөт. Быйыл бул багытта кандай иштер алып барылып жатат? Жүргүнчүлөргө кандай шарттар түзүлгөнүн “Кыргыз темир жолу” улуттук компания мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Абдес Анарбеков айтып берди.