Кыргызстанда бош жумуш орундары көбөйдүбү — кыска мөөнөттүү кесиптик окутуулар көбөйтүлөт

Sputnik
Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу жумуш издегендерге кайрылуу жасаган. Ал белгилегендей, өлкөдө жумушчу күчү жетишпей, тигүү цехтеринин, курулуш компанияларынын иши токтоодо. Эмгек министрлиги бул багыт боюнча кандай иштерди жасап жатат, кыска мөөнөткө орто кесиптерге окутуу, бош орундар жарманкелери тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жылдыз Керимбекова айтып берди.