Мамлекеттик архивде санариптештирүү кайсы этапта? Кандай көйгөйлөрү бар?

Sputnik
Мамлекеттик архив кызматы документтерди санариптештирүүгө чоң басым жасап, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу менен узак мөнөөткө сактоо ыкмаларын издеп жатат. Алсак, өнүккөн өлкөлөр учурдун талабына ылайык жаңы ыкмаларды пайдаланып, документтерди сактоонун түрдүү форматтарын иштеп чыгууда. Албетте, бул процессти жүзөгө ашыруу үчүн көп каражат керектелет. Республиканын архивдеринде XIX кылымдын ортосунан азыркы учурга чейинки мезгилди камтыган 4 миллион 400 миңден ашык документ бар. Анын ичинен 4 миллион 292 миңи кагаз жүзүндө, 16 миңден ашууну кинокадрларда, 92 миңге жакын фотодокумент, 6 миңден ашыгы аудио жана миңден ашык документ видео түрүндө сакталган.
Мындан тышкары, маанилүү архивдик документтерди сактоодо коопсуздук ишине көңүл буруу иши, кадр маселеси, чет мамлекеттеги кыргызга тийиштүү ачык маалыматтардын көчүрмөсүн алуу жана санариптештирүү тууралуу Мамлекеттик архив кызматынын төрагасынын орун басары Аскат Назаралиев айтып берди.