Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын Севастополго чабуулунан эки киши көз жумду. Бири 2 жашар бала

Ушу тапта медициналык жардам үчүн кайрылгандардын саны 22 адамга жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Севастополго жасаган чабуулунан эки киши каза тапты, анын бири эки жашар бөбөк экенин аймактын губернатору Михаил Развожаев Telegram аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ракеталык чабуул токтотулду. Алдын ала маалымат боюнча, абадан беш дрон жок кылынган. Бирок анын талкалангандан кийиинки бөлүктөрү жээкке келип түшкөн.
"Учкуевкада абал оор, Тез жардам кызматынын бардык бригадалары жөнөтүлдү. Жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө", — деди Развожаев.
Ушу тапта медициналык жардам үчүн кайрылгандардын саны 22 адамга жетти.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Киев менен Европа АКШдан жалпы Россияга сокку урууга уруксат сурап жатат