Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украина чырына инаугурацияга чейин чекит кое аларын айтты

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген. Трамптын негизги атаандашы азыркы ажо Жо Байден болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп президенттик шайлоодо жеңип калса инагурацияга чейин Украинадагы чыр-чатакка чекит коерун билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Филадельфиядагы митингде сүйлөгөн.
"Президенттин иш бөлмөсүнө киргичекти эле Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалга чекит коем", — деген ал.
Буга чейин Трамп шайлоодо жеңип чыкса орус-украин чатагын 24 саатта эле чечип кое аларын бир нече жолу айткан.
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков анын бул айткандарына жооп берип жатып, көйгөй жөн эле чечилип калбай турганын белгилеген.
Былтыр Владимир Путин Трамптын соңку маселелерди, анын ичинде украин кризисин бир нече күндүн ичинде чечерин айткандарына оң баасын берген. Бирок АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы АКШ — Россия мамилелерине таасирин тийгизеринен күмөн санаган.
АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрга белгиленген. Трамптын негизги атаандашы азыркы ажо Жо Байден болмокчу. Инаугурация аземи 2025-жылдын 20-январында өткөрүлөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ Киевге Россиянын негизги аэродромдорун аткылоого уруксат бербейт