Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Севастополь: шаарга чабуул америкалык ATACMS ракеталары менен жасалды

Жабыркагандардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп жатат, дары-дармек менен кандын запасы жетиштүү экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бүгүн саат 12:45те Киев режими АКШ берген ATACMS ракеталары менен Севастополь шаарынын жарандык инфраструктурасына чабуул койду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирип, каршы тараптын кол салуудагы техникасынын баары жок кылынганын кабарлады.

"Террордук чабуулдун мизин кайтарууда АКШнын ыкчам-тактикалык төрт ATACMS ракетасы атып түшүрүлдү. Дагы бир ракета абадан коргонуу системасынын ишинен улам траекториясынан четтеп, абадан жарылган. Талкаланган бөлүктөрү шаарга түшүп, натыйжада эл жабыркады", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми аймактын губернатору Михаил Развожаевдин соңку билдирүүсү боюнча, кол салуудан бир чоң киши, эки бөбөк көз жуумп, жабыркагандардын саны 100дөн ашты.
Чабуулга РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова үн катып, Киев режими атайын бүгүн белгиленип жаткан Ыйык Троица күнүн тандап алганына токтолду.
"Бул — кылмыш. Украина Куралдуу күчтөрү атайылап эл көп чогулган жерлерди тандап алууда. Биз жай тургундардын каза болгонуна эл аралык уюмдардын көңүлүн бурууга аракет кылабыз, бирок бул уюмдар Батыштын айтканынан чыкпай турганын да билебиз", — деди Захарова.
Ушу тапта аймактын жетекчилиги жабыркагандардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын, дары-дармек менен кандын запасы жетиштүү экенин билдирүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Киев менен Европа АКШдан жалпы Россияга сокку урууга уруксат сурап жатат