Россия Кыргызстанга жаратылыш газынын экспортун көбөйттү

Былтыр өлкөгө Өзбекстандан да газ жеткирилген. Ташкент экспортту эмнеге токтоткону айтылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россия Кыргызстанга жаратылыш газынын экспортун көбөйтүп, республикага көгүлтүр от жөнөткөн жалгыз жеткирүүчү болуп калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Быйыл январь-апрель айларында Кыргызстан 238,2 миллион куб метр газ импорттогон, бул көлөмдүн баары Россиядан келген.
Былтыр ушул маалда өлкөгө 193 миллиард куб метр газ жеткирилсе, анын 172,7 миллиард куб метри Россиядан, 20,3 миллиону Өзбекстандан келген. Ташкент экспортту эмнеге токтоткону айтылган эмес.
Пресс-борбор
Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки гана вектору бар. Кыргызстандык эксперттин пикири