Жакшы көрүп калдым. Павел Дуров өлкөдөн алган таасири менен бөлүштү

Постунда ал Кыргызстандын өтө тездик менен өнүгүп жатканы байкалганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жайдын башында Кыргызстанга келген Telegram негиздөөчүсү Павел Дуров социалдык тармакка өлкөдөн алган таасирлери менен бөлүштү.
Ал Кыргызстандын эли менен Борбор Азиянын чындап бермети болгон жаратылышын жакшы көрүп калганын жазган. Дуров телекоммуникациянын жергиликтүү лидерлери менен жолугуп, Telegram платформасынын колдонулушуна байланыштуу маселелерди талкуулаганын белгиледи.
Постунда ал аба ырайы сонун болгонун, ат минип тоого чыкканын, Ысык-Көлдү айланып бастырганын жазган. Мындан тышкары, Кыргызстандын өтө тездик менен өнүгүп жатканы байкалганын кошумчалаган.
"Рахмат, Кыргызстан, биз жакында дагы келебиз. Меймандостугуңар ажайып Борбор Азияны кыдырып чыгууга шыктандырды", — деди Дуров.
Платформанын негиздөөчүсү буга чейин Борбор Азиянын жашоосун көрүүгө, элдин Telegram каналын кантип колдонорун жана алардын санарип муктаждыктарын изилдөө үчүн келерин жазган эле.
"Рух ордо" туристтик борборуна кирүү акысы арзандады