Радио

МЖӨнүн инвестициялык портфели 100 млрд. сомдон ашып, 80 долбоорго жетти

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун улук эксперти Эрденет Касымов 2024-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы кабыл алынганын айтты.
Sputnik
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 миллиард сомдон жогорулап, 80ге жакын долбоор ишке ашып жатат. Бул тууралуу Эрденет Касымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш жүрүп жатат.
"2022–2026-жылдары өлкөдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү программасы бекитилген. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Программа мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин андан ары жайылтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Анын алкагында 2024-жылга мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу планы кабыл алынып, бир катар иштер мерчемделди. Учурда "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш жүрүп жатат. МЖӨ борборунун долбоордук портфелинин инвестициялык көлөмү 100 миллиард сомдон жогорулап, 80ге жакын долбоор ишке ашууда. Өз кезегинде бул кадам инвестиция тартууга жол ачып, экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзөт", — деди Касымов.
Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүдө Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарга жылып жаткандыгын кошумчалады.