"Өз алдынча жүрүү, эмгектенүү, албетте, жакшы жактары арбын. Бирок бул көбүнесе жалындап турган жаш куракка туура келет. Кеч уктап, кеч туруп, түнү менен ыр жаздырып же шаан-шөкөттө жүрүү адамдын жашоо ритмин өзүнө ылайыкташтырат. Мен да 4-5 жыл ушундай жашоону башымдан өткөрдүм. Андан соң улуттук филармонияга солист болуп ишке киргенимде бир аз режимге түшө албай кыйналдым. Аны менен катарлаш эле Бишкек шаардык мэриясынын оркестринде солист болуп иштеп калдым. Учурда консерваторияда мугалимдикти аркалап жатам. Ошентип отуруп эле калыпка түшүп, убакытты туура бөлүштүрүүгө көнүп калдым. Өзгөчө устат болгон соң жоопкерчилигиң артат экен. Сен жакшы иштебей коюп, келечектеги чоң бир таланттын тагдырына терс таасири тийип калышы ыктымалдыгын ойлогондо бүтүндөй энергияңды балдарга жумшайсың. Учурда филармонияда иштеп, жеке чыгармачылыгым менен алектенүүгө катар эле мугалимдикти аркалагандыктан эң көп күчүмдү ушул жакка жумшап жаткандай сезилет. Чынында бир өспүрүмдөн адис чыгаруу оңой иш эмес. Андыктан мугалимдерге мамлекет тарабынан өзгөчө камкордук зарыл", — деди Мусабеков.