Кийинки аптада Бишкектин эки районунда газ болбойт

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кийинки жумада Бишкектин эки районунда газ болбой турганын "Бишкек газ" билдирди.
Маалыматта төмөн жана орто басымдагы газ түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрө турганы айтылат.
24-28-июнь — Масалиев, Токтоналиев, Ахунбаев жана Шералиев көчөлөрүнүн бөлүгү, ошондой эле Киргизия-1, Арча-Бешик конуштары, Жал-29, Жал-30, Жал-15 жана Жал-23 кичи райондору;
26-26-июнь — Лермонтов, Киров жана Чапаев көчөсү менен Ленин проспектинин бөлүгүндө газ өчүрүлөт.
Бишкекте Жибек Жолу проспектинин бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылат