ЕЭК: илимий-техникалык чөйрөдө кызматташуу ЕАЭБдин өнөр жайы үчүн маанилүү

Министр быйыл ЕАЭБдеги биргелешкен долбоорлорду колдоого 1,8 млрд рубль бөлүнгөнүн эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Илимий-техникалык жана инновациялык чөйрөлөрдө кызматташуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гохар Барсегян билдирди.
ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гохар Барсегян
"Евразиялык технологиялык платформалар институту ЕАЭБ мейкиндигинде инновациялык ишмердүүлүктү координациялоонун негизги инструменттеринин бири, инновациялык чөйрөдөгү кызматташуунун локомотиви болуп саналат. Ал союздаш өлкөлөрдө иштелип чыккан мыкты долбоорлорду бириктирип, ишке ашырууга өбөлгө түзөт", — деген ал.
Ал быйыл ЕАЭБдеги биргелешкен долбоорлорду колдоого 1,8 миллирад рубль бөлүнгөнүн эске салды. Бул акча кредиттердин пайыздык ченин субсидиялоого жумшалат.
ЕАЭБдин айыл чарба өндүрүшү 136 млрд. долларга бааланууда