Дагестанда полиция постуна кол салуу болуп, чиркөө менен синагога аткыланды

Окуялардан эки полиция кызматкери көз жумганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россияга караштуу Дагестандын Дербент шаарында чиркөө менен синагога автоматтан аткыланып, диний жай өрттөнүп кеткенин республиканын ИИМине таянып РИА Новости жазды.
Алдын ала маалыматка караганда, кол салуудан полициянын бир кызматкери каза болуп, дагы бири жаракат алган. Шектүүлөр из жашырып кетүүгө үлгүргөн.
Дал ушул эле маалда республиканын ордо калаасы Махачкала шаарында да полиция постуна кол салуу болду. ИИМдин маалыматы боюнча, мында да бир кызматкер набыт болуп, алтоо жабыркаган. Жай тургундардын арасында көз жумгандар жана жарадарлар жок экени айтылды.
ИИМ тарабынан "Перехват" планы жарыяланып, кылмышкерлер такталууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Севастополь: шаарга чабуул америкалык ATACMS ракеталары менен жасалды