БРИКС оюндары: кыргыз күрөшү боюнча курама команда 5 медаль жеңди

Спортчулар эки күмүш, үч коло байгеге татышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. БРИКС оюндарында Кыргыз күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү беш медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Аталган оюн Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп жатат. Анда кыргызстандык спортчулар кореш боюнча (татар улуттук күрөшү) мелдешке чыгышып, эки күмүш жана үч коло медаль алышты.
Хабибулла Тынчтык уулу (75 кг) жана Баяман Мыктыбеков (130 кг) экинчи орунду ээлесе, Арлен Эстебесов (65 кг), Эрбол Турапбаев (80 кг) жана Анвар Муратбек уулу (85 кг) коло медалга татыган.
Курама команда машыктыруучулар Аскар Өмүрканов жана Туратбек Тойчубековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
БРИКС оюндары. Ушу-таолу боюнча Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди