БРИКС оюндарында дзюдо боюнча Чыңгызхан Сагыналиев күмүш медаль тагынды

Кыргызстан медалдардын саны боюнча 90 мамлекеттин ичинен 9-орунга чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС оюндарында дзюдо боюнча Чыңгызхан Сагыналиев күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, спортчу 73 килограммга чейинки салмакта кармашып, сириялык жана тажикстандык спортчуларды жеңген. Финалда россиялык балбанга жеңилип, 2-орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, БРИКС оюндарында Кыргызстан медалдардын саны боюнча 90 мамлекеттин ичинен 9-орунга чыкты. Оюндардын расмий сайтында көрүнүп тургандай, өлкөнүн байге куржунунда азыр 38 коло, 11 күмүш, 2 алтын бар. Кечээ кыргыз күрөшү боюнча курама команда 5 медаль тагынган.
БРИКС оюндары. Ушу-таолу боюнча Кыргызстандын курама командасы үч медаль жеңди