Күндүн ысыгы 30 градустан ылдый болбойт. Бир жумага карата божомол

Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында күн 37-38 градуска чейин ысыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
23-июндан 29-июнга чейин көпчүлүк аймактарда күн ысып, чоң шаарларда 37-38 градуска жетет. Бирок маал-маалы менен өткүн өтүп турат.
Бишкекте 23-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июнда күндүз өткүн өтсө, 25-июнда асман ачык болот. Андан кийин дагы жума этегине чейин жаан жаабайт.

Чүй

Облуста 23-июнда күн ачык болот. 24-июнда күндүз жана 25-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 26-июнда өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Кайра 27-28-29-июнда өткүн өтөт.

Талас

Региондо 24-25-июнь күндөрү жана 27-28-июнда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртеси күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Аймактарда жуманын башында күн ачык болуп, бирок маал-маалы менен өткүн өтүп, тоолуу райондордо кар жаайт. 29-июнда асман ачык болору болжолдонду.

Ысык-Көл, Нарын

Аймактарда дагы жума ичи күн ачык болгону менен өткүн өтүп турат. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-июнда жана 24-июнда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Июлга карата аба ырайы. Ысык 39 градуска чыгат