Апта башында айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Апта башында айрым аймактарда эки күн катары менен нөшөрлөп жаан жаай турганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 24-25-июнда Кыргызстанда жамгыр жаашы күтүлүүдө. Мындан улам тоо этегинде жайгашкан аймактарда сел жүрүп, дарыялардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Министрлик арыктарды тазалап, жээктерди бекемдөөгө, сел суусу каптай баштаганын көргөндө электр жарыгын, газды өчүрүп дароо үйдөн чыгуу керектигин эскертти.
Күндүн ысыгы 30 градустан ылдый болбойт. Бир жумага карата божомол