Салыкчылар Бишкек соодагерлерин ККМ, ЭТТК боюнча окутат. Убактысы

Окутуу ошондой эле Ош жана Жалал-Абад шаарларында дагы өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Салык кызматы Бишкектеги базарлардын соодагерлерин окууга чакырат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Окутуу патенттин негизинде соода кылган ишкерлердин башка салык режимине өтүүсүнө байланыштуу өткөрүлөт. Анда адистер ККМ колдонуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды толтуруу жана "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетине" кирүү жолдорун көрсөтүп беришет.
Салыкчылар ишкерлер менен төмөнкү базарларда жолукмакчы:
24-июнь саат 10:30да "Аламүдүн" базарында;
24-июнь саат 15:00дө "Мадина" базарында;
25-июнь саат 10:00дө "Азиз" базарында;
25-июнь саат 14:00дө "Кудайберген" базарында;
26-июнь саат 10:00дө "Сары-Өзөн" базарында;
26-июнь саат 15:00дө "Дордой-Дыйкан" базарында;
27-июнь саат 10:30да "Оберон" базарында;
28-июнь саат 10:00дө "Дордой" базарында, анын ичинде "Кербен", "Алкан базары", "Жунхай" жана "Де-люкс" базарларында;
29-июнь саат 10:30да "Баткен Комфорт" базарында;
29-июнь саат 15:00дө "Ош" базарында.
Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотулат. Ишкерлер жалпы же бирдиктүү салык режимдерин тандай алышат.
Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, базар администрацияларынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Мүлк салыгын үйдөн чыкпай төлөөгө жол ачылды. Видеотүшүндүрмө